Ак-Буурага агып кеткен 5 жашар кыз ооруканада чарчап калды

Жазылуу
Кырсык кечээ түштө болгон.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Ош шаарында Ак-Буура каналына беш жаштагы кыз агып кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге барган куткаруучуларга чейин жергиликтүү тургундар кызды суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Бирок наристе ооруканада чарчап калган.

Окуя 11-июнь күнү саат 14.15тер чамасында болгону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0