06:34 19 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.8048
  • EUR79.1935
  • RUB1.0794
Куруучулар. Архивдик сүрөт

Ош: курулуп жаткан үйдүн 8-кабатынан 25 жаштагы жигит кулап каза болду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
102501

Маркум аталган үйдүн курулушунда иштеп жаткан.

ОШ, 15-май — Sputnik. Ош шаарындагы Шакиров көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулаган 25 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 14-май күнү саат 14:30дар чамасында болгон.

"Маркум көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштеп жаткан. Ал Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнүн Тээке айылынын жашоочусу эле. Иштеп жатып кокусунан 8-кабаттан кулап кеткен. Аны менен чогуу иштеген жумушчулар жабырлануучуну Ош облустук ооруканага жеткиришкен. Бирок ал ооруканага бараткан жолдо каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Экотехинспекциянын Ош шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү буга чейин аталган имараттын курулушу убактылуу токтотулганын, кырсык тазалоо иштерин жүргүзүп жаткандаболушу мүмкүн экендигин билдирди.

Бүгүн 15-май күнү маркумдун сөөгү жерге берилди.

Тема боюнча

Кыргызстандыктардын кайсы тармакта арбыныраак иштери анык болду
КамАЗды сүзүп күйүп кеткен жол тандабастагы төрт жашар бала да каза болду
Белгилер:
өлүм, кырсык, курулуш, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ