БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборундагы чыккан өрттөн каза болгондордун саны 37 кишиге жетти. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Владлен Аксеновго таянуу менен жазып чыкты.
© Видео / МЧС РФ, Ruptly
Эскерте кетсек, каргашалуу кырсык 25-март күнү болгон. Набыт кеткендердин тогузу балдар экени айтылды.
Аксеновдун айтымында, көз жумгандардан тышкары 45 адам жабыркаган. Ошондой эле туугандарынын арызынын негизинде дагы 64 адам дайынсыз болууда.
Ушу тапта өрт өчүрүү иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча өрт өчүрүү иштерин газдын тарашы жана айрым жердеги температуранын өтө жогору болушу татаалдаштырып жатат.
Өрттөн жабыркагандар үчүн кан тапшырылууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар-жогун тактап жатат.