Түркияда 26 жаштагы кыргызстандык кыздын сөөгү табылды

© Sputnik / Антон ДенисовТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча кыз киши колдуу болгон.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Түркиянын Денизли провинциясында 19-мартта Памуккале — Аккөй трассасында саат 9:40тар чамасында 26 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал Кыргызстандын жараны экенин КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Денизли провинциясынын прокуратурасынын билдиришинче, КР жараны ички органдары — боору, өпкөсү жабыркап каза болгон. Учурда КР жаранынын сөөгү Памуккале университетинин өлүкканасында", — деп айтылат.

Ошондой эле Кыргызстандын жараны жол кырсыгынан каза болгону маалыматта белгиленет.

Суд над Нильсом в Ольденбурге - Sputnik Кыргызстан
Окуяны эстей албайм. Түркияда кыргызстандык кызды өлтүрдү делген киши кармалды
Учурда маркумдун жакындарын издөө аракеттери жүрүп жатканын ТИМден билдиришти.

Ал эми Түркиянын haberler.com сайты КР жараны муунтуп өлтүрүлүп, андан кийин сөөктүн үстүнөн машина өтүп кеткенин жазды. Жергиликтүү полиция маркумдун өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады. Окуя болгон жерден алыс эмес жерде КР жаранына таандык делген паспорт менен уюлдук телефон дагы табылган.

Кыздын сөөгүн эртең менен талаадан кайтып келе жаткан жумушчулар көрүп, полицияга кабарлашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0