Таласта "балык кармайм" деп кеткен аялдын сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековРасчистка русла реки Ала-Арчи от накопившегося слоя льда
Расчистка русла реки Ала-Арчи от накопившегося слоя льда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
62 жаштагы аял 17-февраль күнү үйүнөн балык кармоо үчүн чыгып кетип, кайра келген эмес.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Талас облусунун Талас шаарында суунун жээгинен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 62 жаштагы аял 17-февраль күнү үйүнөн балык кармоо үчүн чыгып кетип, кайра келген эмес.

18-февраль күнү саат 08:55те ӨКМдин 12 куткаруучусу, РИИБдин жети кызматкери жана туугандары издөөгө чыгып, бир сааттан кийин анын сөөгүн Талас дарыясынын жээгинен табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0