"Ала-Арча" коругунда аскадан кулаган литвалык альпинисттердин бирөө табыла элек

Жазылуу
Жабыркаган бир чет элдик жаранды тик учак менен алып келишкен

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунун "Ала-Арча" коругундагы аскадан кулаган эки альпинисттин бирөө табыла элек. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Буга чейин кырсык 15-февраль күнү болгону айтылган.

Маалыматка ылайык, альпинисттер Литванын жарандары.

"Бир альпинисттин абалы туруктуу, оң бутунан жаракат алган. Ал Генералдык штабдан тартылган тик учак менен саат 12.10до Бишкек шаарына алып келинип, ооруканага жаткырылды. Ал эми экинчи альпинисттин абалы боюнча маалымат жок. Издөө-куткаруу аракетине 9 куткаруучу тартылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы 10 жылда эле Кыргызстандын тоолорунан ажал тапкан чет элдиктер көп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0