Кадамжайда 40 тонна май ташып бараткан Renault оодарылып кетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРБензовоз Renault перевернулся в Баткене
Бензовоз Renault перевернулся в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча төгүлгөн майдын көлөмү тактала элек

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 125-чакырымында Renault үлгүсүндөгү май ташыган унаа оодарылып кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бензовоз жолдон чыгып кетип кырсыкка кабылган. Ичиндеги 40 тонна майдын канчасы төгүлгөнү азырынча белгисиз. Кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя болгон жерге Кадамжай райондук №76 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРБензовоз Renault перевернулся в Баткене
Бензовоз Renault перевернулся в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Бензовоз Renault перевернулся в Баткене

ӨКМ кырсык боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Акыркы убакта көп катталган кырсыктардан улам өкмөт май ташуунун коопсуз жолдорун караштырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0