Кара-Сууда эки мектептин окуучулары мушташып, бир бала ооруканага түштү

Жазылуу
Баш-Булак жана Каратай айылында жайгашкан орто мектептин окуучулары мушташкан

ОШ, 24-янв. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы эки орто мектептин окуучу балдары мушташып, бир бала ооруканага түшкөнүн облустук милициянын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева тастыктады.

Анын айтымында, окуя 23-январда катталган.

"Баш-Булак жана Каратай айылында жайгашкан орто мектептин төрт окуучусу пикир келишпестиктен мушташып кетишкен. Алар 9-10-класстардын окуучулары. Бир бала жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген", — деди Сатарбаева.

Ал ошондой эле ооруканага түшкөн баланын ата-энеси милицияга арыз жазбаганын, фактынын негизинде териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0