БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Facebook тармагында окуучу кызды жаакка чапкан мугалимдин видеосу катуу талкууга алынууда. Видеону Талант Өмүралиев аттуу колдонуучу жарыялаган.
Шапалак от учительницы. Ученица в шоке. Бишкек наши дни pic.twitter.com/QTFzrlUK1E
— kgdaddy (@6Uneepx0il7oWNr) 23 января 2018 г.
Окуя кайсы жакта болгону так жазылган эмес. Ошентсе да интернет колдонуучулар эки жаатка бөлүнүп, айрымдары мугалимдерди оройлугу үчүн жемелешсе, кээ бирлер окуучулардын маданияты такыр эле төмөндөп кеткенин жазышууда.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы шаардагы бардык мектептерде текшерүү жүрүп жатканын билдирди.