Подмосковьеде киши колдуу болгон кыргызстандыктар ким эле? Каргашанын чоо-жайы

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция кызматери жана тез жардам автоунаасы. Архив
Россиянын полиция кызматери жана тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдар Люблино метросундагы кыргыздардын "Алмаз" деген кафесине барып түнкү саат үчкө чейин отурушкан. Андан соң белгисиз кыргыз балдар келип, аларды күч менен машинасына салып кетишкен.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Москва облусунда киши колдуу болгон эки кыргызстандыктын бири бир ай мурда оорукчан баласына операция жасатууга каражат чогултуу үчүн барган. Бул туурасында "Боордоштор" кайрымдуулук тобунун негиздөөчүсү Жылдыз Осмонова Facеbook баракчасына жазды. 

Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Эсил кайран бир боорум! Бир жылда 238 кыргызстандык чет жактан ажал тапкан
Анын айтымында, М.М. аттуу жарандан (кара футболкачан) бир батирде жашаган досунун агасы И.Ж. (ак футболкачан) сыртка чыгып балдар менен жолугуп келүүгө шерик болуусун өтүнгөн. Маркумдар Люблино метросундагы кыргыздардын "Алмаз" деген кафесине барып түнкү саат үчкө чейин отурушкан. Андан соң белгисиз кыргыз балдар келип, аларды күч менен машинасына салып кетишкен. Ошондон бери дайынсыз болуп жаткан.

М.М. 10-январга чейин жумуш жок болорун билгенден кийин Кыргызстанга келүүнү пландаштырып жаткан. Бирок Москвага келгенине бир эле ай болгондуктан көп чыгым болбоюн деп Бишкектеги келинчеги менен кеңешип кайра калууну чечкен. Ал турак жайларга евроремонт жасап иштечү. Үч баланын атасы. Улуу баласы сегиз жашта болсо, кичүүсү тогуз айлык, ортодо жети жаштагы уулу бар.

"15-февралда ортончу баласына Германияда экинчи операция жасалмак. Кыргызстанда иши убактылуу токтогондуктан ага чейин иштеп операцияга каражат чогултуп келейин деген ниет менен Москвага келген. Анын жети жашар баласы Гиршпрунг синдромуна кабылган деген божомол бар. Жөнөкөй тил менен айтканда эл катары дааратканага бара албайт, заңы дагы, заарасы дагы ичегилеринен чыгат. Төрт жылдан бери бул оору менен күрөшүп келишкен", — деп жазган Осмонова.

Ошондой эле Осмонова аталган кафенин жетекчилиги окуя тартылган видеобайкоодогу кадрды көрсөтпөй жатканына маркумдун туугандары нааразы экенин жазган.

Киши колдуу болгон экинчи кыргызстандыктын Москвада келинчеги, бала-чакасы жана туугандары бар.

"Ал эми М.М. аттуу жарандын жакындары жок болгондугуна байланыштуу маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө жана жети жашар Аман аттуу баласынын амандыгын тилеп, операциясына кол кабыш кылып колубуздан келген жардамыбызды берели", — деп кайрылган Осмонова.

37 жана 38 жаштагы кыргызстандык жарандар Оштун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынан экени белгилүү болду. Алардын сөөгү Москва дарыясынын жээгинен табылган.

Ал эми КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары Аскат Алиев аталган факты боюнча Москва облусунун Тергөө комитети тарабынан РФ Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Азыркы күндө полиция кызматкерлери менен бирдикте КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү кылмыштын бетин ачуу боюнча иштерди алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0