02:45 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Автоунаанын дөңгөлөгү. Архивдик сүрөт

Кара-Көл шаарында HOWO үч унааны сүзүп 14 жаштагы өспүрүм көз жумду

© AFP 2019 / KENZO TRIBOUILLARD
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)
267 0 0

Каза тапкан баладан тышкары кырсыктан дагы үч адам жабыркаган

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында HOWO үч жеңил унааны сүзүп, кырсыктан 14 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 28-декабрь күнү саат 17.03тө болгон. Оор жүк ташуучу машинанын айдоочусу рулга ээ боло албай Toyota Opa, Daewoo Nexia жана Daewoo Matiz унааларын кагып кеткен.

"Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркап Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилген. 2003-жылы туулган бала жанжандыруу бөлүмүнөн көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерге үч куткаруучу барган.

Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)

Тема боюнча

Ош шаарында унаа дарыяга түшүп кетип, 19 жаштагы кыз каза болду
Белгилер:
өспүрүм, жол кырсыгы, Кара-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ