БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында HOWO үч жеңил унааны сүзүп, кырсыктан 14 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 28-декабрь күнү саат 17.03тө болгон. Оор жүк ташуучу машинанын айдоочусу рулга ээ боло албай Toyota Opa, Daewoo Nexia жана Daewoo Matiz унааларын кагып кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркап Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилген. 2003-жылы туулган бала жанжандыруу бөлүмүнөн көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.
Окуя болгон жерге үч куткаруучу барган.