БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда болгон жол кырсыгынан набыт болгондордун арасында эки ымыркай болгон. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, учурда оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатышат.
1. К.С аттуу 32 жаштагы эркек киши — башынан жаракат алган, сөөктөрү сынып оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат;
2. Э.М аттуу 38 жаштагы эркек киши — башынан жаракат алып, оң жак саны сынган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып операция жасалды. Абалы орточо деп бааланууда. Бейтап өзүнө келген.
3. К.А аттуу 23 жаштагы келин — башынан жаракат алып, жаагы сынган. Ошондой эле ичи менен көкүрөк тарабы жабыркаган. Келиндин беш айлык боюнда бар. Учурда дарыгерлер операция жасап жатышат. Абалы оор деп бааланууда.