БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда болгон жол кырсыктан беш адам каза тапты. Бул тууралуу аймактык ИИБден кабарлашты.
Кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 299-чакырымында саат 18.30да болгон.
Hyundai Getz жана Honda Stepwagen үлгүсүндөгү унаалар кагышып, натыйжада беш адам каза таап, дагы бешөө жабыркаган.
Учурда окуя болгон жерде оперативдик тергөө тобу иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча Honda үлгүсүндөгү унаа Бишкектен Аксы районун көздөй бараткан, ал эми экинчи унаа Үч-Терек айылынан Токтогулга багыт алган.
Учурда каза болгондордун тек жайы такталып жатат. Алдын ала маалымат боюнча унаалардын биринде бир үй-бүлө болгон. Каза болгондордун арасында балдар дагы болушу мүмкүн. Мындай маалыматтар текшерилип жатат.
Милиция кийинчерээк бул боюнча толук маалымат берилерин маалымдады.