Ысык-Көлдүн башчысынын орун басарынын эжеси жол кырсыктан көз жумду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Саруу айылына жакын трассада болгон

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнованын бир тууган эжеси Г. Үсөнова жол кырсыктан каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Адам өмүрүн алган жол кырсыгы шаршемби күнү, 13-декабрда Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылына жакын трассада болгон.

Учурда окуянын чоо жайы иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0