Депутат Жанар Акаевдин бир тууган агасы каза болду

Жазылуу
Эл өкүлүнүн агасы эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин бир тууган агасы көз жумду. Бул тууралуу эл өкүлү Аида Касымалиева кесиптешине көңүл айтып Тwitter баракчасына жазды. 

​Аталган маалыматты Акаевдин жакындары да тастыктады. Депутаттын агасы Тариел Акаев эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз. Ал Алай районунун Каблан-Көл айылында жашачу. 

Жанар Акаев 9 бир тууган болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0