Кара-Көлдө дүкөн менен ашканада өрт чыгып, ашпозчу аял күйүп калды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу Кара-Көл шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жол жээгинде жайгашкан дүкөн жана ашкана иретинде колдонулган үч контейнер толугу менен күйүп кеткендигин ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Күйгөн имараттар Бишкек — Ош унаа жолунун боюнда жайгашкан. Өрт чыккан ашкананын ичинде калган 51 жаштагы ашпозчу аялдын денесинин 60-70 пайызы күйүп калды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жабырлануучу Кара-Көл шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0