Бишкекте алты машина кагышып, бирөө капталына оодарылып калды

© Фото / пресс-службы УМВД по Псковской областиЧетыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения
Четыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгын шарттаган

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жибек Жолу проспектиси менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишинде алты унаа кагышкан кырсык катталганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди. Бул маалыматты Бишкек ШИИБ да тастыктады.

Окуя болжол менен саат 19.30дарда болгон. Алдын ала маалымат боюнча жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыга калып, Toyota Ist жана Mercedes Sprinter унаалары менен кагышкан. Андан соң Volkswagen Golf машинасын сүзүп, ал капталына оодарылып калган.

“Ist күү менен келип Honda Stepwgn унаасын урган. Ал эми Golf Toyota менен сүзүшкөн. Кырсыктан жабыркаган киши болгон эмес. Окуя болгон жерде Кайгуул милициясынын кызматкерлери иштеди”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0