Бишкекте мугалимден кагуу жеген окуучу эки күндөн бери дайынсыз болууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүӨспүрүм бала. Архив
Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын бою 165 сантиметр. Арык чырай, чачы, көзү кара, оң жак бетинде калы бар. Жашыл көйнөк, кара чыптама, кара көгүш түстөгү классикалык шым, бутуна кара кроссовка кийип жүргөн.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте мектеп окуучусу дайынсыз жоголуп эки күндөн бери изделүүдө. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине анын туугандары билдирди. 

Бала борбор калаадагы №32 мектепте 9-класста окучу. Өспүрүм 26-октябрь күнү саат 18.00дөн бери дайынсыз. 

Таежесинин айтымында, ал мектепте жакшы окуп, класстын президенти болгон. Анын үй-бүлөсү каржылык жактан кыйналып жашачу.

"Мектепке ай сайын 350 сомдон мүчөлүк акы төлөш керек. Бирок үйүндөгүлөр үчүн анча акчаны табуу кыйынга турган. Ошонун айынан класс жетекчиси окуучуну классташтарынын алдында басмырлап, мазактаган. 2016-жылы да ушинтип баланы депрессиялык абалга жеткирген", — деди ал. 

Жоголгон баланын апасы класс жетекчи быйыл да басмырлап келгенин айтты. 

"26-октябрда мугалимдердин чогулушунда анын окуусу начарлап жатат деп маселе коюшту. Чогулуштан чыгып үйгө келе жатканыбызда балам өзүм артыңыздан барам деп калган. Ошондон бери аны көрө элекмин. Эртеси милиция менен мектепке барганыбызда администрация жөн гана баланы коркутуп коюуну көздөп ушундай кадамга барганын айтты", — деп билдирди апасы. 

13-летняя Айчурок Сулайманова - Sputnik Кыргызстан
Желим баштык терип үй-бүлөсүн баккан Айчүрөк эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү
Жоголгон өспүрүмдүн өзгөчө белгилери жок. Арык чырай, чачы, көзү кара, оң жак бетинде калы бар. Бою 165 сантиметр. Жашыл көйнөк, кара чыптама, кара көгүш түстөгү классикалык шым, бутуна кара кроссовка кийип жүргөн. 

Ал эми баланын класс жетекчиси менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы байланышканда бош эмес экенин айтып сүйлөшүүдөн баш тартты. 

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова да бул маалыматты тастыктады. 

"Мен мектеп директору менен сүйлөштүм. Мурдагы күнү чогулуш болуп баланын окууга жетише албай жатканы боюнча сөз болуптур. Ал чогулуштан чыгып апасы менен кеткен. Анын эртеси мектепке келбей калыптыр. Биз дагы издөө иштерине катышып жатабыз. Бул боюнча дагы иликтейбиз", — деди Мейрманова. 

Ошондой эле Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы издөө иштери азырынча натыйжа бербей жатканын билдирди. Милиция өспүрүмдү көрүп-билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. 102, (0559) 10-22-75

Жаңылыктар түрмөгү
0