Ноокатта УКМКнын эки кызматкери бычакталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган адам. Архив
Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кызматкерлердин абалы канааттандырарлык

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эки кызматкери бычакталганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 9-октбярь күнү аталган райондо эл аралык террордук топтун жашыруун иштеген бөлүмүнүн ишмердигин токтотуу максатында иш-аракеттерди көрүп жүрүшкөн. УКМК кызматкерлери дал ошол маалда бычак жеген.

"Учурда кызматкерлердин абалы канааттандырарлык. Алар Ош облустук ооруканасында", — деди УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов.

Облуста "Перехват" планы жарыяланып, райондук ИИБи тарабынан кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0