Москва: полиция 50дөй мигрант менен күзөтчүлөрдү арачалап калды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМуштум түйгөн адамдар. Архив
Муштум түйгөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадагы соода борбордун биринин күзөтчүлөрү тажик жаранын эс-учун жоготкуча сабап салганы жаңжалга себеп болгон

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Москва шаарынын полициясы Тихорецкий бульварындагы соода борборунун күзөтчүлөрү менен 50гө жакын мигранттын мушташын токтотуп калды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги укук коргоо органдарындагы булагына таянуу менен жазып чыкты.

Жаңжалдын чыгуусуна соода борбордун биринин күзөтчүлөрү тажик жаранын эс-учун жоготкуча сабап салганы себеп болгон.

"Кечээ кечинде 50дөй киши жана гастарбайтерлер соода борборуна келип, анын күзөтчүлөрү менен мушташууну пландашкан", — деди булак.

Анын айтымында, полиция кызматкерлери маалында келип, мушташты болтурган эмес. Андан сырткары, он чакты киши кармалган. Учурда алар миграциялык базадан текшерилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0