15:39 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2447
  • EUR79.8190
  • RUB1.0962
Муунтуу. Архивдик сүрөт

Баткен: аялды муунтуп качып кеткен оорулуу киши изделүүдө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
385 0 0

Психологиялык жактан жабыркаган 45 жаштагы киши 2017-жылдын 14-июлунда Баткен районундагы Таян айылында өз үйүнөн качып кеткен боюнча дайынсыз.

БАТКЕН, 19-сен. — Sputnik. Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Кичи Айдаркен айылында түн ичинде 32 жаштагы аялдын үйүнө кирип барып, аны уруп, муунтуп кеткен киши изделип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Анын айтымында, издөөгө алынган 45 жаштагы киши психикалык жактан жабыркап келет. Ал Баткен районундагы Таян айылынын жашоочусу.

"14-июлда үйүнөн качып кеткен боюнча дайынсыз эле. Жакындары арыз менен милицияга кайрылган. Ал эми айыл тургунун 9-сентябрда муунтуп кеткен. Мындан сырткары, ар кимдин үйүнө кирип тамак-ашын жеп кетип жатат", — деди Юсупова.

Маалыматта учурда качып жүргөн киши изделип жатканы, ага айыл тургундары да тартылганы айтылат.

Тема боюнча

Таласта үй ээси чогуу ичип отурган бөтөлкөлөшүнүн колунан каза тапты
Ысык-Көлдө эс алууга барып, аялын муунтуп салган киши милицияга өзү келди
Белгилер:
издөө, милиция, Баткен
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ