Адам өлтүрүп унаасын айдай качкан киши жол кырсыгына кабылып кармалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКамактагы шектүү жаран. Архив
Камактагы шектүү жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Август айынын башында укук коргоо органдары адамдын өлтүрүлүшү жана анын автоунаасынын уурдалышы боюнча ишти иликтеп баштаган. Шектүүлөр жол кырсыгына кабылганда колго түшүрүлдү.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Чүй облусунда адамдын өмүрүнө забын болгон жана анын автоунаасын уурдаган деген шек менен бир киши кармалды. Бул тууралуу аймактык милициядан маалымдашты.

Окуя 31-июлда эртең мененки саат 6:30дар чамасында болгон. Милицияга Бишкек — Торугарт жолунда катталган жол кырсыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо органадары "ВАЗ-21099" автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай кырсыктаганын аныкташкан. Ал аймактык ооруканага жеткирилип, бирок ал жактан качып кеткен.

Милиция иликтөөнүн жүрүшүндө жол кырсыгына кабылган автоунаа Кемин районунун 47 жаштагы тургунуна таандык экенин аныктаган.

Убийство бывшего милиционера в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ош: милициянын мурдагы кызматкерин сабап өлтүрүүгө шектелгендер кармалды
2-августта автоунаа ээсинин жакындары кайрылып, дайынсыз жоголгон тууганын табууга жардам берүүнү суранышкан.

Издөө иштеринин жыйынтыгында маркумдун сөөгү 6-августта Чоң Чүй каналынан табылган. Адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерди издөө аракеттери башталган. Август айынын аягында милиция ооруканадан качып кеткен кишини кармап, кийин аны камакка алган.

Алдын ала маалымат боюнча 31-июлга караган түнү Кемин районундагы Подгорное айылында алар арак ичип отуруп, чырдаша кеткен. Кармалган киши автоунаа ээсин муунтуп өлтүрүп, машинасын айдап кеткен.

Ошол элү күнү таңга жуук ал мас абалында рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган. Андан кийин укук коргоо органдарынан жашырынууга аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0