Милиция: Бишкекте көпүрөдөн кулап өлгөн кишини бирөөлөр түртүп жибериши мүмкүн

Жазылуу
Тартип сакчылары шектүү адамды кармаган

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ош" базарынын аймагында көпүрөдөн кулап кетип өлгөн кишини бирөөлөр түртүп жибериши мүмкүн. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга шаардык милициядан айтышты.

8-сентябрда саат 18.30 менен 19.30дун ортосунда Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде көпүрөдөн кулаган киши сууга түшүп каза тапкан.

"Алдын ала маалыматтарда аны кимбир-бирөө түртүп жибериши мүмкүн. Тартип сакчылары  шектүү адамды кармады", — деп шаардык милициядан.

Учурда иликтөө иштери уланып, каза болгон кишинин тек-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0