Күбө: Чүйдөгү Ала-Арча капчыгайынын тушундагы тоо күйүп жатат

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүТокойдогу өрт. Архив
Токойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт тууралуу маалыматтар такталып жатканын билдирди

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынын күн батыш тарабындагы тоолордун биринде өрт чыкканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

"Ала-Арча капчыгайынын оң жагындагы тоонун бир капталы күйүп, жалын тоонун башына жакындап калды", — деди күбө. 

Ал эми КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы өрт боюнча маалыматтар такталып жатканын билдирди. 

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0