БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Алтын-Ордо конушунда жашаган тургундар короосундагы өз итинен коркуп, үйүнөн чыга албай калышкан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, окуя 22-августта түнкү саат 12:00дөргө жакын болгон. Куткаручуулар аталган дарекке барып, үй ээсинин макулдугу менен итти жип менен муунтуп өлтүрүшкөн.