ЖМК: Түркияда унаа велосипедчен кыргызстандыкты койдуруп кетти

© AFP / Peter Kneffel / dpaВелосипедчен адамдын архивдик сүрөтү
Велосипедчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучунун абалы туруктуу деп бааланууда

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Түркиянын Кастамону шаарынын түндүк тарабында кыргызстандык жаранды унаа койдуруп кеткенин Haberler интернет порталы жазып чыкты.

Андагы маалыматка карганда, кыргызстандык жаранды унаа велосипед тээп баратканда коюп кеткен. Кырсык Santrapark кичирайонунда катталган. Жабырлануучу 21 жаштагы Нурсултан Төлөнбай уулу экени аныкталды. Ал жакынкы ооруканага жеткирилген.

Учурда мекендештин абалы туруктуу деп бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0