БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Түркиянын Кастамону шаарынын түндүк тарабында кыргызстандык жаранды унаа койдуруп кеткенин Haberler интернет порталы жазып чыкты.
Андагы маалыматка карганда, кыргызстандык жаранды унаа велосипед тээп баратканда коюп кеткен. Кырсык Santrapark кичирайонунда катталган. Жабырлануучу 21 жаштагы Нурсултан Төлөнбай уулу экени аныкталды. Ал жакынкы ооруканага жеткирилген.
Учурда мекендештин абалы туруктуу деп бааланууда.