Бишкекте милиционерлер менен журналистке кол салуу болду

© AFP / PAU BARRENAКонкурс красоты в Корнелья-де-Льобрегат
Конкурс красоты в Корнелья-де-Льобрегат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция журналист кызды сабап кетүүгө шектелген балдарды кармады

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Аялдардын кийимин кийген балдар милиция кызматкерлерине кол салып, журналист Карачач Шакированы сабап кетишкен. Бул тууралуу жабыр тарткан кыз маалымдады.

Анын айтымында, окуя шаршемби күнү, 2-августта, болжол менен саат 05.30дар чамасында болгон. Журналист кыз милиция кызматкерлери менен биргеликте рейдге катышып жүргөн кезде Токтогул жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен чалуу келип түшкөн. Арызданган тургундар жаш балдар ызы-чуу салып, тынчтык бербей жатканын айтышкан.

"Биз жерине жетип барганда эшикти же эркек эмес, же аял эмес бирөө ачты. Ал милиция кызматкерине кол сала баштаганда мен камерага тартып кирдим. Бир маалда аялдардын кийимин кийген бир топ балдар келип камераны сындырып, өзүмдү сабап кетишти. Ооруканадан алган жаракаттарымды аныктадым да милицияга арыз жаздым", — деди Шакирова.

Случаи нападения на человека - Sputnik Кыргызстан
Финполдун кызматкерин таш менен башка койгон айдоочу кармалды
Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан аталган фактыны ырасташканы менен кол салгандар аялдарча кийингенин такташкан жок. Ошондой эле алардын жынысын айтуудан да баш тартышты. Милициянын берген маалыматы боюнча, окуяга шектелип 20 жаштан 28 жашка чейинки адамдар кармалган. Кол салгандар милициянын буйругуна баш ийбей алардын формасын айрып салган. Учурда шектүүлөргө карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0