Ысык-Көлдө эки унаа кагышып, бир нече адам каза тапты

Жазылуу
Расмий органдар бул кырсыктан эки адам көз жумду деп айтышканы менен, күбөлөр үч адамдын өлүмү тууралуу айтышууда

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Балыкчы — Чолпон-Ата унаа жолунда эки унаа кагышып, жыйынтыгында эки адам каза болгондугун ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2-август күнү Ысык-Көл районунда болгон.

"Тoyota Ist жана Honda Stream үлгүсундөгү унаалар кагышып, 45 жаштагы аял менен 12 жашар кыз каза болду. Ал эми жабыр таркан бир киши райондук ооруканага жеткирилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Таш-Көмүр шаарында сегиз адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
ИИМ сегиз адамдын өмүрүн алган кырсыктын күбөлөрүн издеп жатат
ӨКМдин өрт өчүрүү жана курткаруу кызматтарынын өкүлдөрү сөөктөрдү унаадан алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Расмий органдар бул кырсыктан эки адам көз жумду деп айтканы менен, күбөлөр үч адамдын өлүмү тууралуу маалымдашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0