Кара-Балтадагы массалык мушташ: кармалгандардын экөө камалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЗаседание суда по делу торговцев должностями
Заседание суда по делу торговцев должностями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайыл районунун Степное айылында үйлөнүү үлпөт тою атышуу жана массалык мушташ менен аяктап, милиция 30 кишини кармаган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кара-Балтадагы массалык мушташта кармалгандардын экөө камалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Атышуу менен коштолгон үйлөнүү үлпөт тою 22-июлдан 23-июлга караган түнү болгон. Милиция 30 кишини кармаган.

Кийин чыр чыгарган киши менен мылтыктын ээсинен башкасынын баары коё берилген.

"Жайыл райондук сотунун чечими менен кармалган эки киши аталган иш боюнча тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынды. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп маалымат кызматы билдирди.

Аталган окуяга карата бейбашчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0