ӨКМ: эки кыз сууга агып, бирөөсүнүн сөөгү табылды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүОтдыхающие на речке. Архивное фото
Отдыхающие на речке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар чөгүп бара жаткан дагы бир жаранды сактап калышкан

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Бабур айылында ойноп жүргөн кыз Базар-Арык суусуна түшүп, агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Суу алдына чөгүп кеткен темир унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын: сууга түшүп кеткен "Honda Stepwgn" унаасынын ичиндеги 4 жашар бала агып кетти
Маалыматка ылайык, кызды издөөгө төрт куткаруучу тартылып, беш сааттан кийин сөөгүн табышкан.

Ал эми Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылында 10 жашар кыз Сокулук суусуна агып кеткен. Учурда аны издөө иштери улантылууда.

Бишкек шаарында болсо Комсомол көлмөсүнө түшүп жатып чөгүп кете жаздаган 29 жаштагы аялды куткаруучулар сактап калышкан. Ага алгачкы жардам көрсөтүлүп, андан соң дарыгерлерге өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0