БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Москванын түндүк-чыгыш тарабындагы "РИО" соода оюн-зоок борборунда чыккан өрттөн эки кыргызстандык жабыркады. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 10-июль күнү катталып, тилсиз жоонун кесепетинен жалпысынан 18 адам жаракат алган. Алардын экөө Кыргызстандын жарандары болгон.
"Элчиликтин кызматкерлери кыргыз жарандары жаткан оорукананын дарыгерлери менен байланышты. Учурда экөөнүн тең абалы оор, бирок турукту", — деп айтылат маалыматта.
Бул маселени элчилик өз көзөмөлүнө алды.