Нарында курамында алтын бар таштарды уурдоого шектелип 23 айыл тургуну кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглого заключенного в районе рынка "Дордой"
Поиски беглого заключенного в районе рынка Дордой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кампа Эмгекчил айылына жакын жердеги "Солтон-Сары" кенинде жайгашкан

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. "Кыргызалтын" ААКтын Нарындагы филиалынан курамында алтын бар таштарды урдоого аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымаат кызматы билдирди.

Слитки золота - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын алтын кору жыл башынан бери 2 млрд. сомго кымбаттады
Аталган филиал Нарын районунун Эмгекчил айылына жакын жердеги "Солтон-Сары" кенинде жайгашкан.

Маалыматка ылайык, 8-июлда 30-40тай айыл тургуну жеке менчик унаа менен келип "Кыргызалтын" ААКтын кампасынан курамында алтын бар бир кап ташты уурдоого аракет кылган. 

Аталаган факт боюнча кылмыш иши козголуп Эмгекчил айылынын 23 жашоочусу кармалган. Атайын экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Мындан кийин аталган кампаны күнү-түнү кайтаруу чечими кабыл алынып, эки милиционер күзөткө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0