Кулакчын кийип алып, музыка угуп бараткан баланы поезд сүзүп кетти

© AFP / WANG ZHAOЖелезная дорога в Пекине
Железная дорога в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала жолдун айланасындагылардын кыйкырганын, жакындап келген поезддин сигналын укпай кете берип кырсыкка кабылган

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Сокулуктун Новопавловка айыл аймагында 17 жашар баланы поезд коюп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кайгылуу окуя 11-июлда болжол менен саат таңкы алтыда болгон. Ал рельсте музыка угуп кетип бараткан.

"Бала кулакчын тагып алып келе жаткандыктан, жолдун айланасындагылардын кыйкырганын, жакындап келип калган поезддин сигналын да уккан жок. Кырсыктан кийин оор абалда Сокулуктун ооруканасына жеткирилди", — деп кабарлашты маалымат кызматынан.

Аталган факты боюнча милиция иликтөө иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0