Таласта кишини койдуруп качып кеткен айдоочу изделүүдө

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Дорожный знак "Пешеходный переход"
Дорожный знак Пешеходный переход - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция аны кармоо боюнча атайын операция жарыялады

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Таласта белгисиз айдоочу 47 жаштагы кишини койдургандан кийин качып кеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине милициядан айтышты.

Жол кырсыгы кечээ болжол менен саат 11лерде Көк-Кашат айылында болгон.

"Кызыл автоунаа башкарган айдоочу кишини койдургандан кийин из жашырган. Ал эми жабырлануучунун мээси чайкалган. Милиция айдоочуну кармоо боюнча атайын операция жарыялады", — деп милициядан билдиришти.

Аталган факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0