Боомдо чет элдиктер келе жаткан автоунаага таш кулады. Айдоочунун видеосу

© Sputnik / Светлана ФедотоваБоом капчыгайындагы автоунаалар. Архив
Боом капчыгайындагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичинде беш Польшанын жана эки Кыргызстандын жараны бар минивэн Караколдон Бишкекти көздөй келе жаткан

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Боом капчыгайында Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү унаага таш кулаган. Анын ичинде чет элдик жарандар дагы болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айдоочу өзү билдирди.

Анын айтымына караганда, окуя 30-июнда, 18.20лар чамасында катталган.

"Салондо Польшанын беш жараны жана бир кыргызстандык бар болчу. Биз Караколдон Бишкекти көздөй келатканбыз. Бир маалда картошканын көлөмүндөй таштар кулай баштады. Менин унаама алты таш түшүп, алдыңкы айнектерден жарака кетти. Эч ким жабыркаган жок. Мен коопсуз жерге барып токтоп, видеого тартып алдым", — деди айдоочу.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинен аталган факты текшерилип жатканын маалымдашты.

Эгер сиз кандайдыр бир кызыктуу окуяга туш болсоңуз жаңылыкты WhatsApp номер +996 706 566 544 WhatsApp номер аркылуу жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0