Бишкекте улгайган аялды жөө адамдар өтө турган жол чийинден унаа кагып кетти

CC BY-SA 2.0 / Jes / walk awayЖолду өтүп жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Жолду өтүп жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык саат 10.00дөр чамасында катталган

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда улгайган аялды жөө адамдар өтө турган жол чийинден унаа койдуруп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына шаардык милициядан кабарлашты.

Кырсык саат 10.00дөр чамасында Москва менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Тез жардам кызматынан аталган даректен саат 10.03дө чакыруу түшкөнүн маалымдашты. Бирок медиктер аталган дарекке барганда жабырлануучуну таба алышкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0