Москвада кыргызстандык аялды мекендештери зордуктап, видеого тартып алышкан

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква шаарында кол чатырчан турган кыз. Архив
Москва шаарында кол чатырчан турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу катуу коркуп калгандыктан, алгач арыз жазуудан баш тарткан.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Москвада кыргызстандык аял зордукталып, кылмышка анын мекендеши шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бетин жаап турган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атасы зордуктаган наристе кыздын айтып бергени сотту да ыйлаткан. Адвокат менен маек
Кыргызстандык аял зордукталганы тууралуу кабар ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө келип түшкөн. Жабырлануучуну шектелип жаткан мекендештери катуу коркутуп койгондуктан, алгач ал укук коргоо органдарына арыз жазуудан баш тарткан.

ИИМдин берген маалыматына караганда, 18-июнда чала тааныш Мелис аттуу киши аялды ооз ачарга чакырып, ал жерден өзүнүн эки досу менен тааныштырган.

"Сейил бактан балдардын бири күч колдонуп келинди зордуктаган. Калган экөө окуяны видеого тартып, эгер арыз жаза турган болсо видеону социалдык тармакка чыгарабыз деп коркутушкан", — деп милициядан билдиришти.

Ишеним баарлашуусу учурунда жабырлануучу арыз жазууга макул болгон. Натыйжада 24-июнда "зордуктоо" жана "күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун 33 жаштагы тургуну шектүү катары кармалган. Учурда калган эки шектүү изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0