УКМК: өлкө чек арасында теракт даярдаган төрт киши кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБЗадержание членов МТО
Задержание членов МТО - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздук кызматы кармалгандар кайсы террордук жана экстремисттик уюмдардын мүчөсү экендигин так көрсөткөн жок.

БИШКЕК, 28-июн.— Sputnik. Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды кыйындатып, чек арага жанаша аймактарда бир катар террордук акцияларды уюштурууга камынган бир нече киши кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматы кызматы кабарлады.

Алар Кыргызстандын 21, 28, 31 жана 34 жаштагы жарандары болуп чыкты.

Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, бул төрт киши колго жасалган жардыруучу зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен терактыларды жасоого ниеттенген.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын архивддик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Карамушкина: террорчулукка үндөгөн видеолорго тиешелүү тараптар жакшы көз салбай жатат
Бул факты боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 27-226 (Теракты даярдоо), 226-1 (Террорчулук ишти финансылоо), 229 (Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу), 241 (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) жана 299-2 (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террордук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери башталды.

Коопсуздук кызматы кармалгандар кайсы террордук жана экстремисттик уюмдардын мүчөсү экендигин так көрсөткөн жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0