Бир суткада Оштон эки, Чүйдөн бир адам сууга чөгүп кетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дем алыш күндөрү Ош облусунан эки, Чүй облусунан бир адам сууга чөгүп, алардын сөөктөрүн ӨКМдин куткаруучулары алып чыгышты.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагында атчан бараткан 20 жаштагы бала сууга кулап, чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Житель села Кара-Бак Орозбай Асабидинов, спасший 12-летнего тонущего подростка - Sputnik Кыргызстан
Радио
Асабидинов: карасам, бала куткарып калгыла деп кыйкырган тейде агып баратыптыр
Маалыматка караганда, кырсык маркум мал кайтарып жүргөн маалда болгон. Куткаруучулар суудан малчынын сөөгүн таап чыгышты.

Ошондой эле ушул күндөрү Чүй облусунун 29 жаштагы тургуну Ала-Арча суу сактачыгына чөгүп, Ош шаарынын тургуну Яккалик каналына агып кеткен.

Яккалик каналындагы агып бара жаткан сөөктү жергиликтүү тургун көрүп калып, "112" кызматына кабарлаган. Куткаруучулар эки сөөктү тең туугандарына тапшырып беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0