16:32 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8159
  • EUR77.6004
  • RUB1.0582
Москвадагы катуу шамалдан кулаган дарак

Москвадагы шамал: ТИМ каза болгондордун арасында КР жарандарынын бар-жогун текшерүүдө

© Sputnik / Евгений Одиноков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
177 0 0

Бороон 11 адамдын өмүрүн алса, дагы 150 киши ар кандай жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы бороондун кесепетинен каза болгондордун арасында КР жарандарынын бар-жогун текшерип жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Москвадагы нөшөрлөгөн жаан менен коштолгон катуу шамал кеминде 11 адамдын өмүрүн алып, бир топ зыян алып келген. Жүздөгөн бак кулап, унаалар кыйрап, жол кыймылы токтогон.

Дарыгерлер Подмосквьеде темир тунуке бир адамды өлтүрө басып калганын, дагы бир киши "Университет" метросунун жанынан кулаган бак алдында калып каза болгонун маалымдашты.

Калган маркумдар эмнеден көз жумганы учурда такталып жатат. Ушу тапта катаал аба ырайынан 150 адамдын жараат алганы айтылууда. 108 киши ооруканага түшсө, анын 22си балдар экени белгилүү болду.

Тема боюнча

Москвада бороон-чапкындан улам жети киши каза тапты
Бишкекте шамалдан улам терек жолтандабасты басып калды
Белгилер:
шамал, бороондуу шамал, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ