Бурана суусуна агып кеткен 66 жаштагы аялдын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРРека Аламедин в городе Бишкек
Река Аламедин в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерине ӨКМдин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Чүй районунун Султан айылынан Бурана суусуна агып кеткен 66 жаштагы аялдын сөөгү 25-майда табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Аны издөө иштерине ӨКМдин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Кечээ саат 12:10дор чамасында куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0