БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Араванда ок атуучу куралды сатуу максатында көрсөтүп жатып кардарды атып алган киши кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Араван РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда жабырлануучу белгисиз адам аны эч себеби жок эле атып изин жашырып кеткендигин билдирген. Ок анын сол бутунун жоон санынан кирип тизесинен чыгып кетип, ал Араван райондук ооруканага жаткырылган.
Аталган факты боюнча тергөө иштери башталган.
"Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучунун көрсөтмөсү чындыкка дал келген эмес. Аны белгисиз адамдар атпай эле үйүндө чогуу отурган кишини атып алганы такталган", — деп айтылат маалыматта.
Райондук милиция кылмыштын изи сууй электе Араван районунун 31 жаштагы жашоочусун шектүү катары кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Ок атуучу "Наган" үлгүсүндөгү 1919-жылы чыгарылган курал боюнча экспертиза дайындалды. Шектүүнүн сөзү боюнча ал ок атуучу куралды сатуу максатында көрсөтүп жатып кокусунан кардарын атып алган. Ал эми бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.