БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 248, 252, 255-чакырымдарында кар көчкү түшүп, жол каттамы жабылганын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Video Player is loading.
Ош — Бишкек унаа жолуна кар көчкү түшүп жол жабылды
0:31
© © видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
"Учурда жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Саат 6:00дө Чүй облусундагы Сосновка жана Жалал-Абад облусундагы Арал постуна бардык унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилген", — деп айтылат билдирүүдө.
ӨКМ айдоочуларга аталган багыттар боюнча жолго чыкпай турууну сунуштайт.
Ал эми жолдогу күбөнүн айтымында, Сосновканын жолунда автотыгын пайда болду. Азырынча жол тазалоочу техника келе элек.