Ат-Башыда калың жааган кардан эки үйдүн чатыры түшүп калды

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия обильного снегопада в Аксы
Последствия обильного снегопада в Аксы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-марттан 12-мартка караган түнү аталган аймакка кар калың түшкөн.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ат-Башы районун Ат-Башы айылында калың жааган кардан улам эки үйдүн чатыры түшүп калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 11-марттан 12-мартка караган түнү аталган аймакка кар калың түшкөн.

"Ат-Башы айылынын Чеч-Дөбө жана Абыкеев көчөлөрүндөгү эки үйдүн чатыры кардын салмагын көтөрө албай кулап калган",— деп жазылат маалыматта.

Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0