Боомдогу кафеден жоголгон беш жашар кыз табыла элек

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЫсык-Ата районунун Ивановка айылынын жашоочусу беш жашар Лидия Кашкарова
Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын жашоочусу беш жашар Лидия Кашкарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз 7-март күнү Бишкек — Торугарт жолунун жээгиндеги "Рахат" аттуу кафеден чыгып кеткен.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын жашоочусу беш жашар Лидия Кашкарова изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй ОИИБ маалымат катчысы Нурбек Токтосунов билдирди.

Буга чейин ӨКМ Бишкек — Торугарт жолунан беш жашар кыз жоголгонун маалымдаган.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЫсык-Ата районунун Ивановка айылынын жашоочусу беш жашар Лидия Кашкарова
Пятилетняя жительница села Ивановка Ысык-Атинского района Лидия Кашкарова - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын жашоочусу беш жашар Лидия Кашкарова

Токтосуновдун айтымында, кичинекей кыз 7-март күнү эртең мененки саат 08:00дөрдө байкесинин үйүнөн чыгып кеткен.

"Ошол эле күнү түшкө маал Ивановкадагы нөөмөт бөлүмүнө кыздын 32 жаштагы энеси кайрылган. Апасынын айтымында, ал кызын каза болуп калган жолдошунун инисине таштап кеткен. Ал Бишкек — Торугарт жолунун боюндагы "Рахат" деген кафеде кароолчу болуп иштеп, жашайт экен. Кыз ошол жактан жоголгон", — деди Токтосунов.

Кичине кызды издөөгө куткаруу кызматынын өкүлдөрү тартылган, бирок натыйжа чыккан эмес. Издөө иштери уланууда.

Жоголгон Лидиянын белгилери:

Бою 110-115 сантиметр, арык чырай, чачы сары, кыска, көзү көк, бакырайган.

Кийип жүргөн кийимдери:

Боз шапке, кара куртка, спорттук боз түстөгү кофта, гүлгүн түстөгү шым, кара көк түстөгү өтүк.

Эгер бул кызды көргөн-билгендер болуп калса, нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү номерлер аркылуу байланышуу сунушталат:

  • 03132 61-69-07
  • 0701 01-76-08
  • 0702 44-44-88
  • 0700 05-06-90
Жаңылыктар түрмөгү
0