Бишкекте небересинин көзүнчө аялды атып кетүүгө шектелип пенсионерлер кармалды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРабота патрульно-постовой службы УВД по городу Владивостоку
Работа патрульно-постовой службы УВД по городу Владивостоку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
60 жаштагы бишкектик тургундун сөөгү өзүнүн үйүнөн табылган. Анын жанында бир жарым жаштагы небереси отурган. Батирден ири суммадагы каражат жоголгон.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов районунда улгайган аялды өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

23-февралда 60 жаштагы аялды анын небересинин көзүнчө белгисиз жарандар үйүнүн ичинен өлтүрүп кетишкени маалымдалган.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. ИИМдин маалыматына караганда, жакында эле кылмышка шектүү үч жаран кармалды.

"Чүй облусунун 63 жаштагы тургуну анын 60 жаштагы мурдагы аялы жана жанында баңгизаты бар 36 жаштагы эркек киши кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Рассмотрение ходатайства следствия об аресте водителя, сбившего двух девочек в Москве - Sputnik Кыргызстан
Май куючу жайдын кызматкерин өлтүрүүгө шектелген жаран окуянын чоо-жайын айтып берген
Алардын жанынан 9 миллиметрлик Макаров тапанчасы (3 огу менен), "Байкал" травматикалык жана пневматикалык тапанчалары табылган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча маркумдун үйүнөн ири суммадагы каражат жоголгон. Тергөө иштери уланып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0