БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкекте белгисиз адамдар 60 жаштагы аялды өз үйүнөн өлтүрүп кетишкенин Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.
"Окуя 22-февраль күнү Тыныстанов менен Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйдө болгон. Убактысы саат 9.00дөн 11.00гө чейин деп болжолдонууда. Маркумдун жанында 1,5 жаштагы бала бар экен. Аялды анын көзүнчө өлтүрүшкөн окшойт. Бала жабыркабаптыр", — деди маектеш.
Сөөктү маркумдун окуудан келген окуучу небереси тапкан. Ал жакындарына чалгандан кийин милиция менен Тез жардам чакырылган.
Айрым маалыматтар боюнча аялды башка атып кетишкен.
ШИИБ азырынча бул окуяга комментарий бере элек.