БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Ош шаарынын 34 жаштагы тургунун өз үйүнүн жанынан мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкенин Sputnik Кыргызстан агентитигинин кабарчысына Ош ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.
Каргашалуу окуя 24-февраль күнү таңга маал болгон. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө таңкы саат 7:00дөр чамасында билдирүү түшкөн.
"Жерине барган ыкчам топ Анар кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинен 34 жаштагы адамдын сөөгүн тапты. Маркумдун башы жана денеси бир нече жеринен белгисиз нерсе менен кескиленгендиги аныкталды. Тийиштүү материалдар жыйналып, учурда шектүүлөр изделүүдө. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, маркум Ош шаарында май куйуучу жайлардын биринде башкаруучулук кызматта иштеген.